Спикер Чыныбай Турсунбеков Москва шаарында өрт кырсыгынан каза болгон кыргыз жарандарынын жакындарына көңүл айтты.

Төрага каза болгондордун жакындарына материалдык жардам көрсөтүү боюнча жана бул иштин аткарылышын көзөмөлгө алууну Жогорку Кеңештин аппаратына тапшырды.

17 адамдын өмүрүн алган өрт 27-августта Москвадагы «Печатный экспресс» басмаканасына таандык кампада чыккан. Андан 14 кыргызстандык каза тапканы аныкталды.

Ал эми тышкы иштер министрлиги Москванын ооруканаларына өрттөн жабыркаган төрт кыргызстандык жеткирилгенин, алардын абалы оор экенин билдирди. Адам өлүмүнө алып келген бул өрт кырсыгына байланыштуу кылмыш иши козголду.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү