Норвегиядагы Хардангервидда улуттук паркындагы эликтердин өлүгү 50 метр ары жерден табылган.
Аталган өлкөнүн айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинин өкүлү Элин Фоссхауг Олсенин айтымында, чагылгандын бир тийгенинен мынча жаныбардын бир өлүшү биринчи жолу болуп жатат.
Буга чейин 2005-жылы Австралияда чагылгандын тогу бир эле учурда 68 уйду өлтүргөн.
Ал эми 2013-жылы жайында Кыргызстанда 355 койду чагылган урган. Жаратылыш кырсыгы Ош облусунун Кара-Кулжа районунда катталган. Быйылкы жайда чагылган Аксыдагы 120 койго тийип өлтүрүп, кийинчерээк Сузакта 55 койду урган.