Росс Ойл ЖЧКсына таандык, Лейлек районунун Жаны-Жер айылда 2 даана газ куйуучу колонка мыйзамсыз иштеп жаткандыгы аныкталды.

Бул тууралуу мамэкотехинспекциянын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын инспекторлорунун текшерүү иштеринин алкагында белгилүү болду.

Алар билдиргендей, газ сактоочу кампа жана колонка долбоорго ылайык орнотулган эмес жана эксплуатацияга беруүү актысы жок иштеп жатат. Мында архитектура жана шаар куруу мыйзамы, өрт коопсуздугунун жана өнөр жай коопсуздугунун эрежелери одоно түрдө бузулган. Мамэкотехинспекция тарабынан долбоорго ылайык куруу, эксплуатацияга кабыл алуу актысын алганга чейин 2 даана газ куйуучу колонкасына плонба коюулуп, иши токтотулду.

unnamed