Мамлекеттик салык кызматы эки жуманын ичинде ЕАЭБ өлкөлөрүнөн товарларды ташып келүүдө 7 бузуу фактыларын аныктады.
Ысык-Ата районундагы (Чүй облусу) “Ак-Тилек” өткөрүү пунктунда жүк ташуучу автоунаалардын айдоочулары А. Гостев жана Р. Абдраимов транспорт салыктарын төлөбөстөн, ошондой эле транспорттук каражаттар менен эл аралык жүктөрдү ташууга карата ыктыярдуу патентти албастан жүк ташуучу автоунааларды айдап жүрүшкөн.
Ушундай эле фактылар Аламүдүн районундагы (Чүй облусу) «Ак-Жол» өткөрүү пунктунда да аныкталган, бул жерде да А.А. Кыдыралиев, Нурмырза уулу Давлетбек уулу К. жана З. Бокуев деген айдоочуларда жүк ташуу боюнча кызмат көрсөтүүлөргө карата ыктыярдуу патенттери жок болуп чыкты жана транспорт салыктары да төлөнгөн эмес.
Мындай бузуу фактылары, товарларды мыйзамсыз ташып келүү ташып кетүү, ЕАЭБ алкагында Кыргызстандын мамлекеттик чек арасы аркылуу товарларды ташып өтүүдө мамлекеттик контролдон өтүү жөнүндө талонду жол-жоболоштуруу талаптарын бузуу фактыларын табуу жана бөгөт коюу боюнча рейддик салыктык контролдун жүрүшүндө анык болду.
Эсепке алынбаган товарларды ташуу, алардын көлөмүн жана иш жүзүндөгү наркын азайтуу Кыргызстандын бюджетине кыйыр салыктардын келип түшүүсүнүн көлөмүнө терс таасирин тийгизүүдө.