Жолдоштук оюн Д. Өмүрзаков атындагы стадиондо (мурунку Спартак) саат 20:00дө башталат.

Матч Москвада каза болгондорду эскерүү менен башталып, Кыргызстан курамасы аза байлоолору менен оюн талаасына чыгат.

Оюнду түркмөнстандык Чарымурат Курбанов башында турган арбитрлар калыстык кылат.

Буга чейин Кыргызстан-Казакстан бир нече жолу оюн талаасында жолуккан.

1994-жылы 17-апрелде 0:0, 1995-жылы 10-сентябрда Бишкекте өткөн оюн 2:2, 2012-жылы Казакстандын эсебине 5:2, ал эми акыркы оюн Астанада өтүп 7:1 менен Кыргызстан курамасы жеңилип калган.

Белгилей кетсек, Казакстан дүйнөлүк FIFA рейтингинде 96-орунда, ал эми Кыргызстан 105-орунда.

Бөлүшүү