Бүгүн 30-августта Кыргызстандагы Кытай элчилигинде катуу жардыруу болду.
Окуя болгон жерге дароо ӨКМ, тез жардам жана саперлер барып, бир адам каза таап, дагы экөөсү жабыр тарткандыгы такталды.
Вице-премьер Жеңиш Разаков бул окуяны кол салуу деп атаган. Жанкечти унаасы менен элчиликтин дарбазасына айдап кирип барып, өзүн-өзү жардырган.