Бүгүн террорист жанкечти Кытай элчилигине унаасы менен айдап кирип, өзүн-өзү жардырган.
Алдын ала алынган маалымат боюнча 2 адам жеңил жарат алышты.
УКМК аталган окуя боюнча кылмыш ишин козгоду. Азыркы учурда иликтөө иштери жүрүүдө.
Бул маалыматты аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.