Бүгүн 29-августта Москвадагы өрттөн каза болгондордун сөөгү менен учак Бишкеке келип конду.
ӨКМ министри Кубатбек Боронов 4 адамдын сөөгү Бишкекке ал эми калганы Ошко келип конду.
3 адам ооруканада. Бирөөсү чыгарылып кошо Кыргызстанга келди.
Каза болгондордун саны 17 алардын 14 кыргыз үчөө орус жарандары.
Андан сырткары 3 адам жабыр тартып бирөө Кыргызстанга алып келинди, ал эми экөөнүн абалы жакшы.
Алар жалпы палатага жаткырылды.
Өрт өчүрүүчүлөрдүн иши каралып, басмакананын жетекчисине кылмыш иши козголду.