Бүгүн президент Алмазбек Атамбаев Кытайдын элчилигинде болгон жардырууну иликтөөнүн жүрүшү боюнча маалымат алды.
Кыргызстандын күч түзүмдөрү менен жолукту.
Мамлекет башчысы УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаевге жана ички иштер министри Кашкар Джунушалиевге бул окуя боюнча кылдат иликтөө жүргүзүүнү тапшырды.
Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыровго КЭР элчилигинин аймагындагы жардырууну иликтөөнүн жүрүшүн жеке көзөмөлгө алуу тапшырылды.
Андан тышкары, Атамбаев өкмөткө жана күч түзүмдөрүнүн жетекчилерине борбор шаарда жана региондордо террорго каршы чараларды актидештирүүнү, анын ичинде маанилүү объектилерди жана дипломатиялык өкүлчүлүктөрдү кайтарууну күчөтүүнү, ошондой эле өлкөнүн көз карандысыздыгынын 25 жылдыгынын жана II Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун алкагындагы иш-чараларга байланыштуу эл көп топтолгон жерлерде коопсуздукту камсыз кылуу үчүн бардык зарыл чараларды көрүүнү тапшырды.