Президент Алмабек Атамбаев бүгүн кыргызстандыктарды эгемендүүлүктүн 25 жылдыгы менен куттуктады.

«Кыргыздын колдоочусу бар деген чын, тарыхтын таш боор сыноолорунан сактап келатат. Ал ортодо канчалаган элдер өз мамлекетине жете албай жүрүп, жок болду? Канчасы дагы эле эгемендүүлүктү эңсеп, кор болуп жүрүшөт?», — дейт.

Ошондой эле Үркүн окуясы боюнча да айтып өттү.

«Биз 100 жылдыгын белгилеп жаткан 1916-жылдагы элдик көтөрүлүштөн кийинки Үркүндө жүз миңдеген боордошторубуздан айрылдык. Ал окуя кыргыздардын көзүн ачкан. Биримдикте болуп, эгемен мамлекет куруш керектигин сезген. Ошол 1916-жыл элибизге көз карандысыз, эгемен кыргыз мамлекетинин канчалык керектигин кан менен далилдеди», — деди.