Атамбаев президент болгондон бери кимдерди таарынтып, соттошуга чейин барды эле. Арасында журналист, экс-президент, укук коргоочулар, коңшу өлкөнүн башчысына чейин бар.

Экс-президентти аянттан кетирди

Кыргызстандын 25 жылдык эгемендүүлүгүн майрамдоо учурунда президент Алмазбек Атамбаев куттуктоо сөзүндө жатып Убактылуу өкмөт өкүлдөрүнө анын ичинен Роза Отунбаевага сөз тийгизди.

Ал баш мыйзамга өзгөртүү киргизүүнүн арылдыгын белгилеп, Убактылуу өкмөт мүчөлөрүн кетирген кемчиликтери үчүн жоопко тартылышы керек деген пикирин айтты.

«Өз убагында алардын бири менден тамекиге акча сурап жүргөн. Эми «Жип» минип калышты. Роза Исаковна, парламент сизди сүйлөтпөгөн учурларды унутуп калдыңызбы? Баш мыйзам кабыл алынгандан кийин деле өлкөдө стабилдүүлүк орноп калган жок. Стабилдүүлүктүн өзү Баш мыйзамдын артынан келген жок», — деп айткан.

Роза Отунбаева

Ошол маалда Роза Отунбаева аянттан кетип калууну туура көрдү.

Кесиптешине жакпай калган Атамбаев

Атамбаев менен Ислам Каримов КМШ саммитинде кайым айтыша кетишкен.

Анда КР президенти Улуу Жеңишке арналган КМШ саммитине айрым өлкө жетекчилеринин келе албай калганы өкүнүчтүү экенин айтып, өткөндү унутканды келечек жазалайт деген оюн билдирен.

Ошондо өзбек президенти мындай ойду одоно сөз катары деп баалаган. Мындан тышкары мындан эки жыл мурда да эгемендүүлүк күнүндө коңшу өлкөлөрдүн башчыларына сын айткан.

 

Соттошууга чейин барган укук коргоочулар

Президент энелер күнүнө карата куттуктоо айтып жатып «Элдик парламенттин» мүчөлөрүн «туруктуулукту бузгусу келген эл бузарлар» деп атап, алардын жыйынына катышкан эки укук коргоочуну грантын актагысы келген бейөкмөтчүлөр деп атаган.

«12-майда алар форум өткөргөндө кимдер гана келген жок. Талгарбеков баштаган акаевчилер, Калматов жетектеген бакиевчилер, ИГИЛдин тарапташы Нурлан Мотуев жана чет өлкөдөн келген акчаны иштетип жаткан бейөкмөт уюмдардын башчылары Төлөйкан Исмаилова менен Азиза Абдирасулова. Алардын максаты — өлкөдө ар кандай шылтоо менен төңкөрүш жасоо. Алар жакшылыкты түшүнбөйт экен. Аяган сайын күчөп баратышат. Мен муну токтотом», — деген Атамбаев.

Укук коргоочулар президенттин бул сөздөрүнө абдан нараазы болуп, президент кечирим сурасын, деп сотко берүүгө чейин барышкан.

укук коргоочулар

Клооп сайтын «бокко» теңеген

Клооптун материалын окуганда «сасык-сасык бокту баскандай эле болдум” деп айткан. Бирок сөзүнүн аягында кечирим сурап өттү.

Атамбаев президент болбосо журналист Орунбековду сабамак

ММК өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берип жатып Атамбаев «Орунбековду эч качан кечирбейм!», «ал кимдир бирөөлөрдүн заказын аткарып тапкан акчасын төлөсүн», «эгер, президент болбогондо аны сабамакмын» деген сөздөрүн айткан.

Бөлүшүү