Президент Алмазбек Атамбаев кыргыз элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктап жатып Конституцияга өзгөртүү киргизүү маселесине токтолду.

Ал Баш мыйзамды өзгөртүү сунушунан баш тартууга чакырган Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүн, оппозициянын дарегине катуу сын айтты.

“Мен бүгүн Конституция маселесине токтолбосом болбойт. Себеби акыркы айларда депутат, саясатчылар башкарган ММКлар мени жаманатты кылууга аракеттенип жатат. Президенттик мөөнөтүмдү узартып алат деп Убактылуу өкмөт, анын ичинде Отунбаева коркуп жатышат. Анткени мындай көрүнүш 2010-жылдагы референдум учурунда болгон. Ар ким өзүнө карап иш кылат», — деди президент.

Президенттин айткан сынынан уламбы Роза Отунбаева болсо аянттан кетип калды.

Кечээ Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Конституцияга өзгөртүү киргизүүгө каршы экенин билдирген кайрылуу билдиришкен.