Быйылкы жай ары кейиштүү, кубанычтуу да окуяларга бай болду.
Июнь айынын башында унааларга жаңы номер берилип баштады. Мелис Турганбаев кызматынан бошоп, ички министри Кашкар Жунушалиев болуп шайланды.
Июнь айында Кыргызстанда КМШ өкмөт башчыларынын саммити өтүп, ага Дмитрий Медведев баш болгон шериктеш өлкөлөрдүн премьер-министрлери келди.
Жума намазанына бир саат бөлүнсүн деген сунушка карата депутат Жанар Акаев менен экс-муфтий, Чубак ажы Жалиловдун айтыша кетип бир дүң болуп басылды. Эки тараптуу чыр бир жума дегенде басаңдап, президенттен эскертүү берилди.
Жунушалиев ИИМдеги ишин Бишкекти сойкуканалардан тазалоодон баштап, “түнкү көпөлөктөргө” атайын операциянын негизинде рейд жүргүзүлдү.
“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев борборду эски үйлөрдөн тазалоо керек деген демилгени коомчулукка сунуштап, шаар тургундарынын бир кыйла нааразычылыктарынан кийин мыйзам долбоорун кайра артка алганга мажбур болду.
Ал ортодо ЖКгы эл өкүлдөрү даваатка тыюу салуу керек жана КРги ЖМКлардын артында ким турарын текшерүү керек деген сунуштарын көтөрүп чыкты.
Орозо буткөндөн кийин президент Алмазбек Атамбаев гитаранын коштоосунда ыр жаздырып чыгара баштады.
Президент чыгармачылыгы менен алектенип жаткан убакта Германия канцлери Ангела Меркель келип, бийлик өкүлдөрү аны менен жолугушууларды өткөрдү.
Меркелге арналган “кош келиңиз” деген баннерлерге удаа, коомчулукту дагы бир жолу дүрбөтө салган “кайран элим, кайда баратабыз” деген жарнактар илине баштады. Аны көп өтпөй президент өзү демилгелеп илдиртип жатканы маалым болуп, көрнөктөр бардык аймактарга илинди.
Жайды-жайлай II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына байланышкан Балыкчы-Корумду жолунун оңдолушу, Тамчыдагы аэропорттун салынышы, ипподромдун курулушу бүтпөй, Ысык-Көлгө эс алуу үчүн келген меймандарга бир топ ыңгайсыздыктарды жаратты. Башкача айтканда кадимкидей быйылкы жылдын туризмине тоскоолдук жаралды.
Көчмөндөр оюнуна даярдыктар көрүлүп жатканда маданият министри Алтынбек Максүтов кызматтан кетип, ордуна убактылуу министр болуп Түгөлбай Казаков бекиди.
Түркия аскерий төңкөрүш аракетине күнөөлөп жаткан оппозиционер Фетхуллах Гүлендин мектеп, окуу жай, коомдук мекеме, уюмдары бар өлкөлөргө эскертүү берип, Кыргызстанды да опузалап өттү. Кыргызстан өз кезегинде эгемендүү өлкө катары абалга карата чечимди өзү чыгара турганын билдирди.
Ошол убакта президент төртүнчү ырына клип тарттырып, андан соң Ысык-Көлдө журналисттерге маалымат жыйын өткөрдү. Ал акыркы кездеги дүйнөдө, коомчулукта, саясий айдыңда болуп жаткан окуяларга комментарий берип өтүп, кийинки шайлоого барбай турганын белгиледи.
Рио-Де Жанейро шаарында олимп оюндары болуп кыргызстандык спортчулар барып куру кол кайтышты. Колого ээ болгон Изат Артыков да кызытма колдонду делип медалынан айрылды.
Быйылкы жаан-чачындуу аба ырайынан улам Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 17 млрд кубка жетейин деп калды. Анын көлөмү 19 млрд куб сууга эсептелген.
Казакстан ЕАЭБде мүчө болуп, чек аралардын ачылганына карабастан жер жемиштерди артка кайрыган учурлар болду. Орусиядан да тастыктамасы жок тонналаган азык-түлүк продуктылары кайтарылып жатты.
Кыргызстан Европа биримдигине GSP+ схемасы менен товар экспорттоо укугуна ээ 15-өлкө болуп, 6 миң аталыштагы товарларды кошумча төлөмсүз ЕБга мүчө 28 өлкөгө экспортко чыгара ала турган болду.
Август айында КРдин ЕАЭБге мүчө болгонуна бир жыл толду.
Бул жайды өлүм менен кырсыктар да коштобой койгон жок. Кыргыз эл баатыры жана акыны Сүйүнбай Эралиев, бир эмес эки депутат Нурлан Төрөбеков жана Эркин Алымбеков каза болду.
Эгемендүүлүк майрамынын алдында кырсык тооруп, Бишкек-Ош жолундагы жол кырсыгынан, Москвадагы өрттөн баш-аягы 26 адам бир күндө бул дүйнө менен кош айтышып кете берди.
Кечээ Кытай элчилигинин алдынан жанкечти өзүн жардырып, тынч жашап жаткан коомчулукту кооптонтту.