Дүйнө өлкөлөрүндөгү шаар ичиндеги жол кирелердин баасы ар кандай.
Коңшу Казакстанда Алматы шаарында коомдук транспорттун бардык түрүнө жол кире 70 теңгени (14 сом 21 тыйын) түзөт.
Өзбекстанда шаар ичинде жүрө турган автобустар Ташкент шаарында бар. Бирок, Isuzu жана Damas маркасындагы маршруттар басымдуулук кылат. Жол киренин баасы 300-600 сумга чейин. Кыргыз валютасы менен 6 сом 90 тыйын же 13 сом 80 тыйын.
Тажикстанда жол кире автобус, троллейбус жана маршруттарга 1 сомон (8 сом 77 тыйын). Жолдун узактыгына карай 2-3 сомонго жогорулашы мүмкүн. Башкача айтканда 26 сомго жетет.
Орусияда троллейбус, автобустардын баасы карта менен 30 рублдун (31 сомдон 81 тыйын) тегереги болот .
Түркиянын Стамбул шаарында автобустар менен долмуш деп аталган маршруттар эл ташыйт. Алардын баасы 3 лира (69 сом 83 тыйын) жана барчу жердин узактыгына карай көбөйүшү мүмкүн.
Европа өлкөлөрүндө автобус менен каттоо Англияда 1,5 фунт, Францияда 1,8 евро, Японияда автобуска бир жолку билет 500 иен турат. Чехияда автобустун баасы 90 минутасына 32 крон болот.
Ошондой эле Испанияда 1,30 евро, Бириккен араб эмираттарында автобустар 2 дирхам, Мароккодо 3 дирхам, Швецияда 30 швед крону, Норвегияда 4,34 жана 6,68 АКШ долларына жүргүнчү ташыйт.
Дүйнөнүн өнүккөн жана өнүгүү жолундагы көп өлкөлөрүндө коомдук транспорттун бардык түрлөрүнө атайын карталар колдонулат. Ошонун негизинде жол кире айдоочуга эмес атайын аппаратка төлөнөт.
Андан сырткары жол кире өлкөнүн экономикалык абалына, жашоо деңгээлине карата тарифтер коюлган.
Кыргызстанда жол кире Бишкек шаарында азырынча маршруттар 10 сомду, троллейбустар 8 сом түзүүдө.