Бүгүн Кыргызстандын эгемендүүлүгүнө 25 жыл толду.
Концерттик программа белгилүү ырчылардын коштоосунда болуп, салюттар атылууда.
Маданий иш-чаранын ачылышы премьер-министр Сооронбай Жээнбеков жана Бишкек шаарынын мери Албек Ибраимов кыргызстандыктарды куттуктоосу менен башталды.
«Алдыга ири масштабадгы максаттар коюлууда. Анын ичинде өлкөнүн биримдигин сактоо, адилеттүү коомду түзүү жана жарандарга мыкты жашоо деңгээлин тартуулоо. Президент Алмазбек Атамбаев айткандай «тизе бүгүп жашагыча, тике карап өлгөн артык». Майрамыңыздар менен куттуктайм»,- дейт премьер-министр.
Майрамдык фейерверк 23:00дө атылат.