Футбол боюнча Кыргызстан курамасынын машыктыруучусу Александр Крестинин Казакстан курама командасы таң калтырбаганын айтты.
Мындай маалыматты ал журналисттер менен жолукканда билдирди.
«Кыргызстанды эгемендүүлүк күнү менен куттуктайм. Биз күйөрмандарыбызды кубанта алдык деп ишенебиз. Киши азыраак болгону өкүндүрөт. Бирок келгендери бизди укмуштуудай колдоп жатышты»,- деди машыктыруучу.
Негизги оюнчулардын бири Антон Землянухиндин оюнга чыкпай калышын ал жаратка байланыштырды.
«Биз аны сактап турууну чечтик. Азырынча жараттын канчалык деңгээлде олуттуу экенин айта албайм»,- деп кошумчалады.
Ошондой эле азыр курама капитанды тандоо алдында турат деп билдирди.
«Талант Самсалиев — капитан. Ал эми Азамат Байматов жана Валерий Кичин— вице капитандар. Жакында биз Талант Самсалиевди курамадан узатабыз. Ал карьерасын жыйыштырат»,- дейт Крестинин.
Казакстан менен болгон жолдоштук оюн Кыргызстандын эсебине 2:0 менен жыйынтыкталды.