Франциянын Макон шаарында юниорлор арасында дүйнө чемпиондугу башталды.

Бириккен күрөш дүйнөсү кабарлагандай, мелдештин биринчи күнүндө балбандар грек-рим күрөшү боюнча 4 салмактык категорияда күч сынашты.

Кыргызстандык Калы Сулайманов 60 кг чейинки салмакта алгач 1/16 финалда беттешке чыкты.

Мелдеште түркмөнстандык Сейдилла Тазаевди 7:2 эсебинде жеңди. Андан соң швециялык Ардита Фазлийланы 5:1 менен жеңе алды.

1/4 финалдык беттеште Мехмет Иса Джекерди (Азердбайжан) 6:5 менен, ал эми жарым финалда Михаил Рахмановду 10:2 эсебинде артка калтырып финалга өттү.

Алтынга үчүн болгон күрөштө балбан германиялык Этьен Кинсингер менен кармашып чемпион аталды.

Дагы бир кыргызстандык Адилет Таалайбеков (50 кг чейинки салмак) коло үчүн болгон беттеште Сергей Симонянга жеңилип калды.

Бүгүн, 31-августта грек-рим күрөшү боюнча дагы 4 комплект медаль ойнотулат.

Кыргызстандан дагы 3 балбан чемпиондук үчүн күрөшөт.

Бөлүшүү