Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Кытайдын ТИМ башчысы Ван менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Абдылдаев кечээ Кытай элчилигинде болгон террорист жанкечтинин окуясын кескин сынга алып, ага карата тийиштүү ыкчам операциялардын өткөрүлгөнүн жана президент Алмазбек Атамбаев окуяны тыкыр иликтөөгө өзү буйрук бергенин айтты.

Андан сырткары ал иликтөөлөрдүн жүрүшү кытай тарапка маалымдалып турарын, күнөөлүлөр сөзсүз табылып жазасын аларын кошумчалаган.

ТИМ элчилик өкүлдөрүнүн жана кытай жарандарынын коопсуздугун камсыз кыларын белгилеп, эки тарап биргелешип терроризм, сепаратизм жана экстремизмге каршы күрөшөрүн билдирди.