Чейрек кылым ичинде заман, жашоо өзгөрдү. Техниканын, инновациянын өнүгүүсү менен кээ бир күнүмдүк колдонулган сүйлөмдөрдөн бери өзгөргөн.

25 жыл мурун «ата-энебизге үй кинотеатрын сатып берели деп жатабыз» десе кулакка өөн угулмак.

  • Мен жайлоодо болом, керек болсом чөнтөк телефонума чал.
  • Байкоосуздан телефонумдагы сүрөттөрүмдү өчүрүп алдым.
  • Паролумду унутуп почтама кире албай жатам.
  • Мен сага 5 мүнөт мурун кат жөнөткөм, окудуңбу?
  • Машинада келе жатып кино көргөнгө жетиштим.
  • Чоң кыз телефонуңду берчи мага.
  • Бул ырларды, видеолорду телефонуңа жүктөп ал.
  • Ал экөө интернеттен таанышып баш кошушкан.
  • Менин сүрөтүмө бүгүн эң көп лайк басылды.
  • Мен ал досумду классташтар сайтынан таптым.
  • Сени фейсбуктан көрбөй калдым.
  • Жаңы көйнөгүңдү вотсаптан жөнөтүп жибер.
  • Балам менен скайп аркылуу сүйлөштүм.