Франциянын Макон шаарында юниорлор арасында күрөш боюнча дүйнөлүк чемпионат уланууда.
Мелдештин алкагында, бүгүн грек-рим, эркин күрөш жана кыз-келиндер күрөшү боюнча медалдар топтому ойнотулду.
Бириккен күрөш дүйнөсү кабарлагандай, жаштар чемпионатынын экинчи күнүндө 4 салмак категориясында беттештер уланды.
Анда Нузупбек Топчубеков 55 кг чейинки салмакта коло медал тагынды.
Ал 1/8 финалдан атаандашын 14:5 эсебинде жеңип, андан соң 1/4 финалда Эдгар Тамазянады 8:0 менен утту. Финалга чыгуу үчүн ал грузиялык Дато Чхартишвилини жеңиш керек болчу. Бирок Топчубековго 1 упай жетпей калды (8:9).
Коло медаль үчүн болгон мелдеште балбан италиялык Джакапо Сандрон менен күч сынашып 7:3 эсебинде жеңди. Жыйынтыгында үчүнчү орунга ээ болду.
Дагы бир кыргызстандык балбан Бек Конурбаев (66 кг чейинки) чейрек финалдан ары өтө алган жок. Ал 7-орунга илинди. Ал эми мелдештин алгачкы баскычында эле ыргыган Абдулазиз Ашимбеков болду (84 кг чейинки).
Чемпионаттын биринчи күнүндө Калы Сулайманов биринчиликти ээлеп алтын тагынган.