Дзюдо федерациясынын президенти, дене тарбия жана спорт башкармасынын жетекчиси  Ырысбек Мааткабылов Юрий Краковецкийге спортко кошкон салымы үчүн унаа белек кылды.

Бул маалыматты аталган федерацияда кабарлашты.

Ага ылайык, 31-августта  Мааткабылов Subаru Legacy үлгүсүндөгү унаанын ачкычын спортчуга берген.

Краковецкий эки жолу Олимп оюндарына катышып, Рио-2016да 7-орунду алган.

Ошондой эле ал эки жолу Азия Чемпионатында призер аталып, дүйнөдөгү 20 мыкты дзюдочунун катарына кирген.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү