КРдеги Европа биримдигинин өкүлчүлүгү Кытай элчилигинде болгон терактты сынга алат.

Жабыркагандарга тезирээк сакайып кетүүнү каалап, окуяга кайдыгер карай албастыгын билдирип, мындан аркы экстремизм коркунучуна каршы кыргыз бийлиги менен иштеше турганын белгилейт.

30-августта жанкечти жардыргыч заттар орнотулган унааны айдап барып, Кытай элчилигине кирген. Ошол учурда унаа жарылып, күзөт бөлүмүндө иштеген 3 кыргыз жараны жеңил жаракат алган. Учурда окуя иликтенүүдө.