Көчмөндөр оюндарынын жабылуу аземине бир нече дүйнө жылдыздары катышат. 

Оюндарды өткөрүү катчылыгынан билдиргендей, 8-сентябрда Орусия, АКШ, Түркия, Казакстан, Азербайжан, Франция өлкөлөрүнөн келген белгилүү ырчылар, бийчилер жана топтор катышат.

Алар 80-жылдардагы белгилүү франциялык топ Ottawan (Patrick Celestin), «А’Студио» тобунун экс-солисти Полина Гриффис, «Город 312», казакстандык «Аюми» (Ayumi), Turkvizyon-2013 конкурсунун жеңүүчүсү азербайжандык Фарид Хасанов, Turkvizyon-2014дүн финалисти түркиялык Килич Фунда.

Ошондой эле якутиялык белгилүү дуэт Евгений Золотарев жана Намгар Лхасаранова. Бийчи Жан Воинов менен бирге өзүнүн өнөрүн АКШ дагы 2011-жылы өткөн «даңк мүнөтү» конкурсунун финалисти, бийчи, шоумен Snap Boogie (Cjaiilon Andrade) жана кыргыз эстрадасынын көрүнүктүү ырчылары катышат.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү