Москвадагы өрттөн каза болгондордун элесине арнап, 4-сентябрда 13:00дө «Аксакалдар кеңешинин» жана жалпы диаспорасы менен биргеликте түлөө өткөрөт.

Бул тууралуу Saat.kgге уюштуруучулардын бири Багыт Бапанов билдирди.

Түлөө өтө турган Москвадагы кафе-ресторандар:

  1. «Гранат» рестораны;
  2. «Ыссык-Көл» кафеси, «Электрозаводская» метросу;
  3. «Меджик» рестораны;
  4. «Миндал» рестораны;
  5. «Ыссык Көл» кафеси, «Калужская» метросу;
  6. «Байхан» рестораны;
  7. «Горизонт» кафеси;
  8. «Бишкек парти» кафеси, «Кожуховская» метросу;
  9. «Тойкана» кафе-рестораны, ВДНХ метросу.

Ошондой эле, Багыт Бапанов билдиргендей, мындай түлөөнү бир гана Москвадагы мигранттар эмес, жалпы дүйнө жүзүндөгү кыргыздар куран окутса деген оюн кошумчалады.

Ал эми Москвадагы өтө турган түлөөнүн каражатын диаспара өз мойнуна алат. Азык-түлүктөрдү кафелерге алып берет, ал эми кафе ээлери бекер тамак-аш жасап берерин айтты. Кошулгусу келгендер үчүн байланыш номуру +7 (926) 120-56-91.

Автор: Нуркыз Маматова

 

Бөлүшүү