Ислам Каримов каза болду деген маалыматтар жаады. Күмөн туудуруп, чын-бышыгы белгисиз болуп жатып, акыры президенттин дүйнө салганы маалым болгондой.

29-августта президенттин кызы Лола Каримова атасынын абалы жөнүндө жазып, анын мээсине кан куюлуп кеткенин айтып, коомчулуктан сакайып кетишине дуба кылууну суранган эле. Ошол эле күнү Өзбекстандын оппозициялык сайттары Каримовду көз жумдуруп, түрлүү божомолдорун жазып чыгышкан болчу.

Ал эми бүгүнкү маалыматтарда Каримовдун көз жумганы ачык айтылып, эртең ал жерге берилет. Самарканддагы көрүстөндө президентке жай казылып, ага карата жергиликтүү тургундар тегерек-четти тазалап даярданышууда деп жазылып жатты.

78 жаштагы Ислам Каримов Өзбекстан эгемендүүлүктү алгандан бери, башкача айтканда 25 жылдан бери мамлекетти башкарып келет. Мурдагы күнү ал оорусуна байланыштуу элин эгемендүүлүк майрамы менен куттуктап, салтанатка катыша алган жок. Каримовдун куттуктоо сөзүн улуттук телекомпаниянын диктору окуган.

Өзбекстан расмий түрдө маалыматты бышыктай элек. Кантсе да мындан ары такты алмашары калетсиз. Кыргызстан менен Өзбекстандын мамилеси өзгөрөбү деген ой жаралбай койбойт.

 

 

Кыргыз саясатчылары бул тууралуу эмне дейт?

Экс-депутат Равшан Жээнбековдун айтымында, кандайдыр бир деңгээлде өзбек-кыргыз мамилеси начарлоого дуушар болушу мүмкүн..

«Өтө начарлайт же жакшырат деп айтууга азырынча эрте. Кимиси бийликке келсе дагы Каримовдун тегерегиндеги адамдардан келет. Ал кыргыз-өзбек мамилесине мурункудай эле салымын кошот. Ошол эле саясатты жүргүзөт» -дейт ал.

Бар тарабынан алганда мамиле дагы да начарлашы мүмкүн.

«Анткени, Үңкүр-Тоодо өзбек аскерлеринин көбөйүп жатышы буга далил. Мындан ары өзбектер мындан да катуу саясат жүргүзүүгө өтүшү ыктымал. Ошондуктан, азыр так айтуу кыйын. Жакынкы күндөрдө президенттин ким болору белгилүү болот. Анткени, алардын саясаты коомчулукка айкын» — дейт экс депутат.

Ал эми саясий серепчи Токон Мамытов болсо биринчи кезекте эктремизмден коркуу керек деп эсептейт.

«Анткени, кийинки президент Ислам Каримовдой өлкөдөгү абалды туруктуу кармап тура алабы кеп ошондо. Эгерде радикал-экстремисттик топтор жайылып кете турган болсо залалы бизге да тийиши мүмкүн» — дейт ал.

Ал блдиргендей, чек ара маселесине келсек, бул маселе бир күндө чечилип кетпейт.

«Буга ондогон жылдар талап кылынат. Ким гана президент болуп келбесин ал биринчи кезекте элинин, жеринин кызыкчылыгын коргойт. Ал эми чек ара меселеси эки өлкөдө гана эмес, дүйнө жүзү боюнча талаштуу болуп эсептелинет. Дүйнөнүн көпчүлүк мамлекеттери чек ара маселелерин чече албай келишет», — дейт Мамытов.

Саясий серепчи Токтогул Какчекеевдин билдирүүсү боюнча кийинки президенттин өзүнүн саясаты болот жана ал биринчи кезекте өзүнүн аброюн көтөрүүгө аракеттенет.

«Бүгүнкү күндө Өзбекстан Коллективдүү коопсуздук келишими уюмунан (ОДКБ) чыгып кеткен, ЕАЭБге мүчө эмес. 3 млн өзбекстандын жараны Орусияда жана башка жерде иштеп жүрөт. Аларга карата Орусияда көзөмөл күчтүү. Ал эми Путин менен Атамбаевдин мамилеси жакшы болгондуктан, мигранттарга болгон мамиле да жакшы. Болбой эле атаандаштык бар. Ошондуктан, Өзбекстан Орусия менен мамиле түзүүгө аракет кылышы мүмкүн. Кыргызстандан жапа чеккендер же мисалы, Азимжан Аскаров сыяктуулар кандай болбосун жаңы президентине кайрылат деп эсептейм. Муну унутпашыбыз зарыл» -дейт ал.

Ал Кыргызстандын максаты өлкөнүн кызыкчылыгын коргоо экенин айтты.

«Бийликтин кылган ишин көрүп жатабыз. Биринчи болуп Кытайга Үзөңгү-Кууш кетти, Каркыра кетти, Маймактан жер кетти. Папан суусун өзбектер болушунча колдонуп жатышат. Ал жерге кароол коюп койдук эле, Үңкүр-Тоого аскерлерин киргизип, 4 жаранды кармап кетишти. «Силер кароолду алгыла биз жарандарды бошотобуз» дешүүдө. Бүгүнкү күндө суу кызыкчылыгы алар үчүн күчтүү» — деп кошумчалайт Какчекеев.

Жалпы коомчулукта жана соцтармактарда өлдү деген маалыматтар гана тарабастан, кийинки президенттин ким болору да божомолдонду. 2003-жылдан бери Өзбекстандын премьер-министри болуп келаткан Шавкат Мирзияевдин президент болууда биринчи орунда турат дешет.

Бөлүшүү