Мындан ары ID-карта үчүн чыгымдалуучу материалдардын наркы  99 сомду, чет өлкөгө чыгуу 302 сомду түзөт.

Буга чейин паспорттун баасы  евронун курсуна көз каранды болуп, чыгымдалуучу материалдар евро курсу менен сатылып алынчу. Паспорт баасын турукташтыруу максатында, бланкалык продукциянын  баасы  сомго өткөрүлдү.

2004-жылдагы ID картанын үлгүсү менен жарандын 16 жашта биринчи жолу алуусу — 417 сомду, жарандын аты-жөнүн, жашаган жерин, улутун өзгөртүү жана каталарын оңдоо боюнча алмаштыруусу — 447 сомду, паспорт жараксыз болгондо же жоголгондо калыбына келтирүү — 517 сомду түзөт.

2006-жылдагы чет өлкөгө чыгуучу паспорттун үлгүсү боюнча паспортту биринчи жолу алуу — 620 сом, алмаштыруу — 680 сом, аты-жөнүн, улутун өзгөртүү боюнча алмаштыруу — 720 сом, жараксыз болгондо же жоголгондо калыбына келтирүү — 820 сом болгонун мамлекеттик каттоо кызматы билдирди.