Көчмөндөр оюндарынын расмий ачылышы 3-сентябрда саат 20:30да башталат.

Бул маалыматты оюндарды уюштуруу боюнча катчылыктан кабарлашты.

Бүгүнкү күндө 39 мамлекеттин өкүлдөрү Ысык-Көлгө келди, алардын катарында Азербайжан, Антигуа жана Барбуда, Армения, Бангладеш, Белоруссия, Бенин, Бразилия, Венгрия, Гватемала, Германия, Грузия, Индия, Иран, Испания, Италия, Кытай, Латвия, Литва, Мадагаскар, Монголия, Жаңы Зеландия, Норвегия, Пакистан, Польша, Молдова Республикасы, Орусия Федерациясы (Башкортостан, Карачаево-Черкессия, Красноярск крайы, Свердлов облусу, Татарстан, Хакасия, Челябинск облусу), АКШ, Тажикстан, Түркмөнстан, Түркия, Өзбекстан, Украина, Филиппин, Финляндия, Чехия, Швейцария, Шри-Ланка, Эквадор, Түштүк Корея бар.

Калган катышуучулар бүгүн 2-сентябрда жана эртен 3-сентябрда түшкө чейин келишмекчи.

Азыркы тапта мелдешке катыша турган спортчулар мандаттык комиссиянын каттосунан өтүп, аккредитациялык карталарды алып жатат. Андан соң жаңы климатка көнүп, мелдештин астында эс алып алуусу үчүн мейманканаларга жайгаштырылууда.