62 өлкөнүн делегациясы Көчмөндөр оюндарында расмий өткөн соң Алмазбек Атамбаев куттуктоо сөзүн сүйлөдү.
» Биринчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында 53 өлкөнүн өкүлдөрүн, чабандестерин тосуп жатканыбызга сыймыктанабыз.
Бул майрамга Кыргызстандын бардык облустары менен райондорунан аксакалдары да чабандестери да келишти.
Көчмөн элинин мурасы, каада салттары кайрадан жанданып, дүйнөдө зор кызыгууну жарата баштады. Эки жыл мурда Биринчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 19 мамлекет келген, азыр 62 мамлекет келип отурат.
Алдылагы мелдештерде калыстык жана адилеттүүлүк жеңсин.
Туш тараптан келген спортсмендер менен чабандестер өз өлкөлөрүнө байге алып барып, өз элин даңазалап кубантсын.
Күйөрмандар менен коноктор унутулгус таасир алышып, кийинки оюндарга багыт алсын.»,- деп билдирди КР президенти Алмазбек Атамбаев.