Алмазбек Атамбаев Чолпон-Ата шаарындагы мамлекеттик резиденцияда белгилүү актёр Стивен Сигал менен жолукту.

Жолугушуунун жүрүшүндө президент актёрдун II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына келип бергендиги үчүн ыраазычылык билдирди.

Ал эми Стивен Сигал өз кезегинде жылуу тосуп алуулар үчүн рахмат айтып, «бир тууган-көчмөндөрдө» өтүп жаткан мындай иш чарага койбой келүүгө мүмкүн эместигин айтты.

Андан сырткары көчмөндөр оюндарына ыктыярдуу элчи болууга даяр экендигин Атамбаевге билдиргенин президенттик аппараттан кабарлашты.