Бүгүн президент Алмазбек Атамбаев Ислам Каримовдун өлүмүнө байланыштуу өлкө парламентинин Сенат төрагасы Нигматилла Юлдашевге көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.

«Кыргыз-өзбек мамилесин бекемдөөгө аракеттенген Ислам Абдуганиевич СССР маалында эле өзүн тажрыйбалуу жетекчи жана мыкты уюштуруучу катары көрсөтө алган», — деп жазылган телеграммада.

Мындан тышкары Каримовдун үй-бүлөсүнө дагы көңүл айтты.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү