Чолпон-Атадагы дене тарбия жана ден соолук комплексинин ачылышына вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев катышты. 

Ал rыргызстандыктар үчүн жакшы жөрөлгө болгонун белгиледи.

«Эгерде элдин саламаттыгы чың боло турган болсо, өлкөнүн өнүгүшү да алдыда болот. Ошондуктан, бүгүнкү жаңы ачылып жаткан комплекс биз үчүн жакшы саамалык болуп эсептелинет» — деди Абулгазиев.

Комплекс 5 миң чарчы метрден ашык аянтты ээлеп, үч кабаттан турат. Биринчи кабатында кичи футбол, баскетбол, волейбол, гандбол, бокс жана күрөш боюнча машыгуу жүргүзүүгө боло турган универсалдуу зал орнотулган.

Спорт зал бардык эл аралык стандарттарга жооп берип, көрүүчүлөр трибунасына 650дөн ашуун адам батат.

Кыргызстан боюнча дагы ушундай 16 комплекс куруу пландалууда.