Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан Көчмөндөр оюндарында 53 мамлекеттин өкүлү парадда басты.
Өзбекстанды командасынан жазууну көтөргөн кыз гана чыгып, өзбек делегациясы баскан жок.
Бирок аталган өлкөнүн спортчулары Чолпон-Атага келишкен жана мелдештерге катышууга даяр.
Өзбекстандын парадга баспай калган себеби, аталган мамлекеттеги аза күтүү менен байланыштуу.
Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары Ысык-Көлдүн жээгиндеги Чолпон- Ата шаарында жана Кырчын жайлоосунда 3-8 сентябрда болот.