Бүгүн Өзбекстандын президенти Ислам Каримов жерге берилди. Тажыяга 17 мамлекеттен делегациялар катышты.
Анын сөөгү өзүнүн кичи мекени Самаркандда ата-энеси жана туугандары жаткан көрүстөнгө коюлду.
Белгилей кетсек, анын каза болгондугу тууралуу маалымат кечээ расмий жарыяланган. Буга чейин аны 27-августта өтүп кеткендиги тууралуу кабарлар айтылган.