78 жаштагы Ислам Каримов 27-августта эртең мененки 09:00дө саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу борбордук клиникалык ооруканага оор абалда келип түшкөн.

Ал ошондо эле ооруканага эс-учун жоготуп келген. Медицина кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөлөр анын инсульт болгонун аныктаган. Артериалдык кан басымы 250/120ны көрсөтүп, жүрөгүнүн согушу токтой баштап, жандандыруу иш аракеттеринин натыйжасында 20 мүнөттүк аралык менен жүрөгүнүн согушу ордуна келген. Өпкөсүнө жасалма вентиляциялык аппарат коюлган.

27нен 28-августка караган түнү Каримов белгилүү Финляндиялык, Германиялык жана Орусиялык нейрохирург, кардиолог жана реаниматологдор тарабынан кароодон өткөн.

Оорулуунун неврологиялык абалы башынан эле атоникалык кома катары сыпатталган болчу. Баш мээсиндеги биоэлектриктик активдүүлүктүн өтө начарлашы байкалып жаткан эле. Андан сырткары ички органдарынын (жүрөк-кан тамыр, өпкө, бөйрөк жана боор) функциялары кезеги менен иштен чыгып бара жаткан.

Кечээ интенсивдүү дарылоо терапияларына карабастан, кечки саат 20:15те жүрөгүнүн согушу токтоп калган. Жандандыруу иш чаралары жардам бербей калган соң, ажонун биологиялык өлүмү аныкталган деп Өзбекстандын илимий даражалуу, чыгаан врачтары аныктама беришти.

Президенттин оорусу жана өлүмү тууралуу чыгарылган бүтүм өлкөнүн өкмөтүнө караштуу интернет порталга чыгарылды.