Самаркандда өзбек президенти Ислам Каримовду акыркы сапарга узатуу зыйнаты башталды. 

Чет өлкөлүк делегациялар, коомдук ишмерлер жана ММК өкүлдөрү чогулган президенттин резиденциясында премьер-министр Шавкат Мирзиёев аземди ачканы айтылууда.

Өлүк коюу иш-чарасы башталганга чейин сөөктү Ташкенттен Самаркандга жиберишкен. Табыт салынган кортежди бир шаардан узатып, экинчи шаардан тосуп алышкан.

Кара шымчан, ак көйнөкчөн эркектердин, улуттук көйнөк кийген аялдардын гүл алып келгени, көпчүлүк чогулгандардын жашын токтото албай ыйлаганы айтылат.

Кечээ кечинде өзбек президенти Ислам Каримов көз жумган. Президент Самарканддагы ата-энеси жана туугандары жаткан көрүстөнгө коюлат.