Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында жана Кырчын жайлоосунда Көчмөндөр оюндары өтүүдө.
7 облусттан келген кыргызстандыктар менен кошо оюндарга туристтер да келген.
Алардын бири латыш Орман мындай дейт:»Абдан чоң масштабдагы, соонун оюндар өтүүдө. Атайын интернеттен карап, издеп анан келгем. Ачылуу аземи, көчмөндөр ааламы, сени тартып алат экен. Менин таң калтырганы Латвиянын да көчмөн эли болгондугу болду».
Красноярск шаарынан келген Алексей жана Илья Раумовдор Ысык-Көлгө эс алуу үчүн келишкен. Бирок оюндар тууралуу маалыматы жок болгон.
«Карап программаны таппай койдук. Аябай кызыгып жатабыз, мындай шоуну биринчи жолу көрүүдөбүз. Ачылышына келбей калганыбызга өкүнөбүз»,- дейт.