Көчмөндөр оюндарында Кыргызстан таяк-тартыш (мас-рестлинг) боюнча мелдештен алгачкы 4 медалга ээ болду.

Бул маалыматты мамлекеттик спорт агенттиги билдирет.

Мелдештер 5 салмактык категория боюнча өттү.

85 кг чейинки салмакта Айнура Шайнурова женуучу аталып, ал эми Ирина Миронова 3-орунга ээ болду.

Ошондой эле коло медалды Дильбара Иманканова да тагынып, 85 кг өйдө салмакта Айчүрөк Эргешова финалдык оюнда Татьяна Григорго жеңилип калып күмүш тагынды.

Эркектер арасындагы мелдештин жыйынтыгы бир аздан соң белгилүү болот.

 

Бөлүшүү