Бүгүн Чолпон-Ата шаарында түркмөн жана азербайжан элинин улуттук күрөш оюндары өтүүдө.

Бул саамда Saat.kg спортчулардан маанайы жана сезимдери тууралуу сурап көрдү.

Рамиля  кыз-келиндер күрөшү боюнча күч сынашат.

“Менин мелдешим 7- сентябрдан тарта башталат. Азыр оюндарда көрүүчүмүн. Сөз жок. Кызыктуу өтүп жатат. Мага казак күрөшү жакты. Мелдештерде кыргыздар үчүн жан үрөп жаттым”,- дейт.

Мили гюлеш боюнча спортчу Сулейман оюндарга жеңүү үчүн келгендигин айтып өттү.

“Менин максатым албетте биринчи болуу. Кыргызстандын керемет көлү мени суктанттырды. Кыргыз кыздар да сулуу экен. Бирок менин жубайым бар”,- дейт спортчу.

Азербайжан курамасы жакпай калган учурларды да атап өттү.

“Оюндар программадан кеч башталууда. Так убактысы боюнча башталбай жатат. Кыргыздар көп кечигет деп уккам”, — деп кошумчалады Рамиля.