Көчмөндөр оюндарында 62 өлкө катышууда.

Ал эми көк бөрү боюнча 8 мамлекет мелдешке катышууда.

Алар Кыргызстан, Казакстан, Түркия, Ооганстан, Башкирия, АКШ, Тажикстан, Красноярск.

Бирок ар бир өлкөнүн эле өкүлү оюндарга келе алган жок. Алардын ордуна кыргыз жарандары чыгып атты.

Башка өлкөгө чыккан кыргыздардын сөзсүз чет жердик паспорту же каттоосу болушу шарт болду.

Айбек Сыдыков Ысык-Көл курамасынын оюнчусу. Ал Ооганстан курамасы үчүн көк бөрү ойномок. Бирок чет жердик паспорту жок, башка өлкө үчүн чыга алган жок.

«Паспортту текшеришти. Чыкпай калдык. Негизи даярданып, сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнбүз. Биз бекер эле, ал эми кээ бир оюнчуларга төлөп берип жатышты. 300 доллардан өйдө алганын уктум. Мисалы Кытайга баары эле кыргыз балдар чыкты.” ,- деп saat.kgге айтып берди.

Ошондой эле башка өлкөнүн көк бөрү курамалары аттары жок келишкендиктен, ижарага ат алышкан.

Маалымат боюнча ар бир атка күнүнө 2700 сом төлөшөт.

Спорт массалык — иштер бөлүмүнүн башчысы Канатбек Арпачиев бул маалымат боюнча төмөндөгүдөй түшүндүрмө берди.

«Башка өлкө туусу үчүн чыгып жаткан кыргыздар көптөн бери ал мамлекетте жашап келишет. Биз аларга тыюу сала албайбыз”,- дейт.

Бөлүшүү