Достук мелдеш мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын катышуусу менен өтөт.
Бул маалыматты бүгүн футбол федерациясынын басма сөз жыйынында билдирди. Бул демилге ЮНИСЕФ менен кызматташууда жүзөгө ашырылууда. Болжол менен мүмкүнчүлүгү чектелен балдардын саны Кыргызстанда 28 миңге жетет.
«Матч алдында, биздин футболчулар балдар-реабилитациялык үйунө барып келишкен. Алар балдар менен маектешип жана аларга футбол жөнүндө айтып беришти. Спортчулар балдарды матчка чакырып кетишти. Балдар үчүн биз өзүнчө трибуна даярдап койдук» — деп футбол федерациясынын департамент маркетинг боюнча директору Анна Осмоналиева билдирди.
Ошондой эле бир топ балдар футболчулар менен биргеликте оюн майданына чыга алышат. Балдар менен атайын даярдоо иштери жүргүзүлүп жатат. Курама команданын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин футболчулар беттешке «даяр» экендигин билдирди. Кыргызстан – Филиппин ортосундагы достук мелдеш эртең, 6-сентябрда Долон Өмүрзаков атындагы стаиондо саат 20:30дө старт алат.
Автор: Нуркыз Маматова