3-сентябрда Кырчын жайлоосунда этношаарчанын ачылышы болуп, «Көчмөндөр ааламы» фестивалы өттү.

7 облусттан келген кыргызстандыктардан тышкары, чет өлкөлүктөр да көп болду.

300гө жакын боз үй, улуттук оюндар, көчмөндөр маданияты, театрлашылган спектакль көбүнө жакты. Бирок бир-эки нааразычылык сөзүн айткандар да болду. Аларга программа жок болгону жаккан жок.