Казакстандын көк бөрү боюнча курама командасы буга чейин Кытай жана Орусияны чоң эсеп менен жеңе алды.

Өзүнүн тайпасында бул команда тизменин сап башында.

Команданын капитаны Эрбол Сак Saat.kgге билдиргендей, даярдануу үчүн 2 ай кеткенин айтты.

«Аттарды таптадык. Негизги атаандашыбыз — Кыргызстан. Кыргыз — казак оюну баарына эле кызык болсо керек», — дейт.