ИШИМ (ИГИЛ) өлтүрүлгөн аскер башчы Абу Умар Аш-Шишанинин ордуна тажик полковниги Гулмурод Халимовду дайындаган.

Бул маалымат анонимдүү түрдө айтылганын Ирак ММКлары билдиришкен. Буга чейин ИШИМдин көптөгөн лидерлери АКШ башында турган эл аралык коалициялык күчтөрдүн абадагы соккусунан улам жок кылынганы үчүн, алар расмий түрдө маалымат берүүдөн чочулашкан.

Бир нече күн мурун АКШ тажик полковнигинин дарегин билдиргендерге 3 млн доллар төлөп берүүгө даяр экенин жарыялаган эле.

Халимов террор уюмдарындагы көрүнүктүү фигуралардын бири болуп эсептелинет. Ал мурун (Тажикстан ИИМ) милициянын өзгөчө багыттагы отрядында  (ОМОН) аскер снайпери болгон жана 2003-2014-жылдары терроризмге каршы күрөшүү боюнча америкалык машыгуу борборунда окуган. Халимовдун 2014-жылы жоголуп кетип, дарегин Сириядан билдиргени айтылат.

Бөлүшүү