Энергетика тармагы боюнча адис Расул Үмбөталиев Унгар-Тоо жөнүндө билдирүүсүн жарыялады.

Анда ал Аксы районунда жайгашкан, азыркы тапта эки тараптуу талашта турган, «Үңкүр-Тоо» деп аталып жаткан аймак жөнүндө сөз кылат.

«2200 жылдык тарыхы бар эл суу-жер аталыштарына терең маани берип келген. Алардын мифологиялык эмес, реалдуу аттарына басым жасаган. Мен өзүм аксылыкмын. Быйылкы жылы бир нече жолу кичи мекениме барып, көп жашап, көптү көргөн аксакалдар менен баарлашып келдим», — дейт ал.

Башкача айтканда Умбеталиев «Үңкүр-Тоонун» чыныгы аталышын тактаганын айтат.

«Бул тоо Ала-Бука жана Аксы районундагы эң бийик тоо болуп эсептелинет. Кыш келери менен биринчи болуп ушул тоого кар түшчү. Ошондуктан жашоочулар аны унга салыштырып, «ун кар тоо» деп атап коюшкан» — дейт адис.

«Унгар-Тоо» эмес, «Үңкүр-Тоо» дагы эмес, туура аталышы «Ун-Кар-Тоо».

«Ата Мекен» фракциясынын депутаты Садык Шер-Нияз ЖКнын 1-сентябрдагы отурумунда аталган тоону «Үңкүр-Тоо» деп атоону сунуштады. Бул аталыш туура эмес, анткени, ал жерде ойдуң дагы, үңкүр да жок. Аксакалдар 80-90 жылдан бери анын «Ун-Кар-Тоо» деп баса белгилеп келишет», — дейт Үмбөталиев.

Ал «Республика-Ата-Журт» фракциясынын депутаты Рада Туманбаеванын ошол эле отурумда сунуштаган «Ункар-Тоо» деген аталышты туура деп эсептеп, колдойт.