Вице-премьер-министр Олег Панкратов ЕАЭБ өлкөлөрүндө товар жүгүртүү жана товарлардын санагын алуунун методологиясын иштеп чыгуу боюнча жыйын өткөрдү.

Быйылкы жылдын январь-июнь айларында дыйкандар тарабынан былтыркыга салыштырмалуу 138,3%га көп жер жемиш өстүрүлгөн. Мындай көрүнүш бакча өсүмдүктөрү менен мөмө жемиштерге да тиешелүү болгон.

Айыл чарба министрлигиндеги маалыматтар боюнча, 300 тонна жашылча жемиш экспорттолгон. Панкратов бул көрсөткүчтөрдүн реалдуулукка жатпайт экенин белгилейт.

«Товарларды эсепке ала турган атайын метологиянын жоктугунан улам мындай болуп жатат» — дейт ал.

Ал эми улуттук статистикалык комитетинин төрагасы Азамат Оросбаев сандардагы жаңылыштыктар Кыргызстан ЕАЭБге мүчө болуп, кыргыз-казак чегиндеги бажы посттору алынганына байланыштуу болгонун билдирет.

«Азыркы тапта товар жүгүртүүнүн отчёттору ишкерлер тарабынан берилүүдө. Бирок, патент менен иштеген ишкерлер отчёт берүүгө милдеттүү эмес болгондуктан ортодо кээ бир товарлар санагы жок кетип жатат» — деди төрага.

Бул маселеге карата экономика министри Арзыбек Кожошев атайын мекемелер аралык жумушчу тобу түзүлгөнүн белгиледи. Анын билдирүүсүндө жумушчу топ ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттолгон товарларды эсепке алуу боюнча атайын методика менен иштей турганын кошумчалады.

Ал эми вице-премьер-министр бир жумалык мөөнөттүн ичинде атайын методологияны иштеп чыгууну буйруганын өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Бөлүшүү