УКМК Кытай элчилигинде жардыруу уюштургандарды аныктады.

Жардырууга буйрутма бергендер, Сирияда террор уюштуруп жүргөн уйгур улутундагы “Жабхат-ул-Нусра” жана “Жамаат Таухид ва жихад” тобунун мүчөлөрү болгон. Алардын бешөө колго түшүп, төртөөнө издөө жарыяланды.

Өзүн жардырган уйгур улутундагы жанкечтинин өздүгү такталды. Аты-жөнү Халилов Зоир, 33 жашта жана анын жанынан тажикстандын паспорту табылды. Ал «Чыгыш Түркстан ислам кыймылынын» мүчөсү болгон.

30-августта эртең менен Кытай элчилигинде жардыруу болгон. Унаага коюлган жарылуучу заттар менен жанкечти кошо жарылган. Күзөтчү болуп иштеген кыргыз жарандары жеңил жаракат алышкан.

Бөлүшүү