Ысык-Көлдө «Тоскоолдуксуз жашоо үчүн» деп аталган мүмкүнчүлүгү чектелгендердин 8 күндүк жөө жүрүшү аягына чыкты.
Жөө жүрүш Ысык-Көлдөгү «Равенство» уюму тарабынан эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин колдоосу менен ишке ашырылган. Иш-чарага 40тан ашуун КРдин 4 облусунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар, Финляндия, Казакстан менен Тажикстандын жарандары катышышкан.
Буга чейин марафон жылда өткөрүлүп келген. Бул жылы эл аралык деңгээлде өткөрүлгөнүн уюштуруучулар белгилешет.
Бир жума мурун эмгек жана социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев жүрүштүн ачылышын жасап, 5 км жерди чогуу баскан.
Жөө жүрүш Каракол шаарына келип токтогонун жана айыл жашоочулары тамак-аш менен камсыз кылып турганын аталган министрликтен билдиришти.