Кээде кайсы бир көз ирмемди буга чейин эле жашагандай сезим болот. Анан калса мындай абал кыска болуп, бир мүнөткө гана жетиши мүмкүн.

де

Учурдагы мүнөттөрдү мурун жашап койгондой элес калтырган эффекттер – «дежавю» деп аталат. Бул сөз француз тилинен которгондо “мурун көргөн” деген маанини түшүндүрөт. Термин биринчи жолу психолог Эмил Буарактын “Психикалык илимдердин келечеги” деген китебинде колдонулган.

Дежавю сезими мурун окуган китепти кайра окуп же бир тасманы мурун көрүп эстей албай жаткандай болот. Ал кеңири тараган көрүнүш болуп эсептелинет. Анткени, изилдөөлөр боюнча ден соолугу ордунда болгон адамдардын 97%да бул сезим жок дегенде бир жолу болот. Ал эми талма оорусу барларда көп кездешет. Бирок, дежавюну жасалма жол менен көрүүгө же сезүүгө мүмкүн эмес. Ошондуктан анын илимий изилдөөлөрү бир топ кыйынчылыктарды туудурат.

де жа

“Дежа вю феномени” китебинин автору Андрей Курган аталган сезимдин келип чыгуу себебин качандыр бир көргөн түш менен адамдын өңүндөгү окуялардын жуурулушуп кеткенинен болушу мүмкүн деп эсептейт.

100 жылдан бери бул тууралуу ар кандай ойлор, божомолдор жана гипотезалар айтылып келет. Кээ бири аны реанкарнацияга да байланыштырышат. Дене өлгөнү менен жан кала берет да жаңы денеде жашоосун улантат дешет. Муну жактагандар да жок эмес. Мисалы, ырчы Мадонна Пекиндеги император сарайына барганда ал жерде илгери бир убактарда жашап кеткенине көзү жеткен. Киану Ривз болсо Бангкоктогу храмда бийчи болгонун айтат. Акылман Пифагор жандардын башка денеге өтүшүнө ишенгендиктен, мурунку жашоосунда короз болгонун айтчу.

дежавюю

XIX кылымдагы окумуштуулар дежавю эффектисин адам абдан чарчагандыктан, мээ толуп чыкканда келип чыгат же тескерисинче жакшы уктап, күчкө толгондо болот деп келишкен.

Ал эми азыр болсо түшкө байланышкан версиясы актуалдуу бойдон калууда. Түш көрүү менен адам алдын — ала кайсы бир нерсе жөнүндө маалымат алгандыктан кайталанган сыяктуу сезимдер боло берет дешет.

Неврологдор болсо баш мээнин гиппокампа деп аталган бөлүгүнүн (“маалыматтарды сактоого”)  кызмат аткаруусу бузулганда болот деп айтышат. Адам ошондой учурда айрым нерселерди мурун көргөндөй, билгендей кабыл алат. Ага стресс, катуу чарчагандык жана магниттик толкун себеп болушу мүмкүн.

Ар кандай ойлор айтылганы менен так бир аныктамасы табыла элек.

Бөлүшүү