Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков Юрий Лугвинди кабыл алып, чукул кырдаалдарда көрсөткөн тайманбас эрдиги үчүн ыраазычылык билдирди.

“Биз сени кыргыз жергесинде көрүп жатканыбызга абдан кубанычтабыз”,- деди.

Андан тышкары, Юрий Лугвинге саат белек кылып, Жогорку Кеңештин Ардак грамотасын тапшырды.

Кезегинде Лугвин кыргызстандыктардын жылуу кабыл алгандыгына ыраазычылыгын айтып, мындай көңүл буруу ага жакшы маанай тартуулаганын белгилеп өттү.

“Мен II Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун ачылышын катыштым. Кереметтүү Ысык-Көлдү көрүп, меймандос элиңиздер менен тааныштым. Улуттук тамактарыңыздар да өзгөчө экен. Кыскасы менде Кыргызстан тууралуу жакшы гана ой калыптанды десем болот. Албетте, бул өлкөнүн башкы байлыгы — калкы дээр элем”, — дейт ал.

Москвадагы басмаканада болгон өрттөн кыргызстандыктарды куткаруу ишине Кыргызстандын жарандары да катышкан. Алардын да аты-жөнү такталгандан кийин, баардыгы сыйлыкка көрсөтүлөт.

Бөлүшүү