Эфиопиянын борбору Аддис-Абебадагы түрмөдө өрт чыгып, анын кесепетинен 23 адам мерт кеткен.

Бул тууралуу басылмалар өлкөнүн өкмөтүнө таянып жазышууда. Ал алгач бир адамдын каза тапканын жана алтоонун жарадар болгонун билдирген. Кийинки маалыматтарда каза болгондордун саны 20дан ашканы кабарланып, 21и тумчугуудан же тыгылыштан көз жумушу мүмкүн. Экөөнүн качууга аракет жасаганда өлтүрүлгөнү айтылат.

9 кылмышкер жаракат алып, аларга медициналык жардам көрсөтүлүүдө. Калгандары абактын башка имараттарына көчүрүлдү.